БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент ишкерлерге тоскоолдук кылгандарга айып пулду көбөйтүүнү сунуштады

Президент ишкерлерге тоскоолдук кылгандарга айып пулду көбөйтүүнү сунуштады

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров "Ишкер жана инвесторлордун укугун коргоого багытталган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи.

Мыйзам долбоордо Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, мыйзамдуу ишкердик кылгандарга тоскоолдук жараткандарга салынчу айып пулду 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүү каралган. 

Ошондой эле мамлекет башчы ишкерлерди негизсиз камоодон коргоо максатында электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы сыяктуу бөгөт чараларын колдонууну демилгелеген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей