БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президенттин иниси Улан Жапаров үй камагына чыкты

Президенттин иниси Улан Жапаров үй камагына чыкты

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту алдамчылыкка шектелип кармалган Улан Жапаровду үй камагына чыгарды. Чечим 19-августта чыкканын аталган соттун басма сөз кызматы 18-сентябрда "Т-Медиага" билдирди.

Жапаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү УКМКнын тергөөчүсү өтүнгөн.

Улан Жапаров быйыл июлда Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси менен кармалган. Ал  облустардын биринин башчысы кызматына дайындоо үчүн 100 миң доллардан ашык сыйлык алып, бирок убадасын аткарган эмес.

Аны Биринчи май райондук соту 19-авугустка чейин камакка алган. 

Улан Жапаров 2023-жылдын июль айынын башында да Бажыдагы коррупция иши боюнча кармалган.  Төрт айдан кийин анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыккан. Бул боюнча өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине комментарий берип, баарына бирдей мамиле болорун айткан. 

32 жаштагы Улан Жапаров президенттин атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей