БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө 13 миңден ашык адам ВИЧ инфекциясын алып жүрөт

Өлкөдө 13 миңден ашык адам ВИЧ инфекциясын алып жүрөт

Иллюстративдик сүрөт

Бул 2024-жылдын 1-январына карата статистика экенин Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана ВИЧке каршы күрөшүү борбору кабарлады. 

Булардын ичинен 735 адам башка мамлекеттердин жараны. Ал эми 12 054 адам кыргызстандыктар. ВИЧ инфекциялуу бейтаптардын 7571и - эркектер, 4473ү аял. Илдетке 755 бала чалдыккан. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон. Ооруга кабылгандардын эң көбү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош облусунда.

Кыргызстанда жыл сайын 800 миңге жакын адам акысыз текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Вирус аныкталгандарга эл аралык донорлордун көмөгү менен дары-дармек акысыз берилет. Ал дарылар вирусту биротоло жок кылбайт, бирок дарттын өтүшүп кетишинен сактайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, жер жүзүндө ВИЧ жугузган 40 миллиондой адам катталган. Дарт дүйнөдө алгач 1981-жылы, Кыргызстандагы биринчи учур 1996-жылы катталган.

Автор: Т-Медиа > 355 статей