БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө фостердик үй-бүлөлөрдө 224 бала тарбияланып жатат

Өлкөдө фостердик үй-бүлөлөрдө 224 бала тарбияланып жатат

Интернеттен алынды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-июнга карата Кыргызстанда 115 фостердик үй-бүлөдө 224 бала тарбияланып жатканын билдирди. 

Мекеменин маалыматына ылайык, бул былтыркыга салыштырмалуу 20%га көп. 2023-жылдын 1-июнуна карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланган. Ушу тапта фостердик үй-бүлөгө талапкер катары дагы 45 бала каттоодо турат. 

Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу карап беришет. Мамлекет аларга ар бир бала үчүн жашоо минимумунан бир жарым эсе көп каражат чегерет. 2023-жылы аларды каржылоо үчүн бюджеттен 48 млн сом бөлүнгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей