БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө 3,5 баллдык жер титирөө болду

Өлкөдө 3,5 баллдык жер титирөө болду

Сүрөт интернеттен алынды

5-январда саат 00:51де өлкө аймагында күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтуна таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Буга чейин Кыргызстандын 75% тургуну сейсмологиялык кооптуу аймактарда жашай турганы маалым болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” аттуу баяндамасында маалымдалган.

Андагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун калк жайгашкан аймак жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө жылына орто эсеп менен 3 миң зилзала катталат, анын онго жакыны беш баллдан ашкан магнитудадагы жер титирөөлөр.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей