БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө 96 күрөөкананын иши убактылуу токтотулду

Өлкөдө 96 күрөөкананын иши убактылуу токтотулду

Сүрөт интернеттен алынды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргызстанда 96 күрөөкананын ишин үч айга токтотту. Тиешелүү токтом 29-декабрда чыккан. Бирок анда ломбарддардын лицензиясы эмне себептен токтотулганы жазылган эмес.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып күрөөканалар маселесине токтолгон. Ал бир нече күрөөкананы атап, эгер үстөгү 30%дан ашса лицензиясын кайтарып алып, кожоюндарына мыйзам чегинде чара көрүлөрүн айтканАндан кийин Кыргызстандагы ондогон күрөөканалар текшерилип, көбү жылдык пайыздык ченди төмөндөткөнүн маалымдашкан.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 440тан ашуун күрөөкана бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей