БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик жарыкты чектөө токтотулганын билдирди

Министрлик жарыкты чектөө токтотулганын билдирди

Сүрөт: Интернеттен алынды

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр жарыгын пайдалануу суткасына 70 млн кВт сааттан 61 млн 117 миң кВтка түшкөнүн кабарлайт.

Буга чейин республиканын бардык аймактарында маал-маалы менен өчүрүү болуп келген. Мындай абал Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагреттарын алмаштыруу башталгандыгынан келип чыккан. Министрлик абанын температурасы көтөрүлүшү менен жарыкты пайдалануу азаярын айтып, өчүрүүлөр токтошун кошумчалаган. 

 "2024-жылдын 8-мартынан баштап  жөнгө салуу иш-чараларын токтотту. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзгөн"- деп айтылат маалыматта.

Бирок соцтармак колдонуучулары 8-март күнү да өчүрүүлөр болгонун жазып чыгышты. Ал эми Ош Электр тармактары ишканасынын маалымат кызматы Ош облусунда өчүрүүлөр болбогонун билдирүүдө.  Ош облусуна ар күнү 7 млн 400 миң кВт саат электр энергиясы бөлүнөт.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей