БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Өлкөдө көмүрдү экспортоого чектөө кирди
Кыргызстанда көмүрдү экпорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 21-ноябрда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылат.
Маалыматка караганда, чектөө ЕАЭБ HS 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган көмүргө тиешелүү болуп, алты айлык мөөнөткө киргизилет.
Токтомдо Кыргызстандан көмүрдү ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга тыюу салынганы айтылат. Чектөө Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына тиешелүү эмес.
Токтом расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Автор: Осмонова Айдана > 727 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat