БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө курулуп жаткан имараттардын реестри ишке кирди

Өлкөдө курулуп жаткан имараттардын реестри ишке кирди

Кыргызстандагы курулуш обьектилеринин картасы. Сүрөт: Курулуш агенттиги

Кыргызстанда курулуп жаткан имараттардын электрондук реестри ишке кирди. Порталга объектинин каттоодон өткөн-өтпөгөнү жазылган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады. 

Электрондук портал Мамкурулуштун сайтына жарыяланды. Колдонуучу ал жерден курулуш объектиси жөнүндө кызыккан маалыматты эркин ала алат. 

"Аталган портал сатып алынып жаткан кыймылсыз мүлк жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, Мамлекеттик курулуш агенттигинин ишин жакшыртуу максатында иштелип чыкты", -дейт мекеме. 

Буга чейин мекеме Бишкек, Ош шаарларындагы уруксат кагаздары жок курулуштардын тизмесин жарыялаган. Анда салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 55 турак жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары жазылган.

Автор: Айдана Осмонова

Автор: Т-Медиа > 354 статей