БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алынды

Өлкөдө мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алынды

Сүрөт: Табылды Кадырбеков

Министрлер кабинети мектептерди этап-этабы менен 12 жылдык окууга өткөрүү камтылган "Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө" токтомду жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына 15-мартта жарыяланды. 

Маалыматта окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максаты кабыл алынган. 

"12 жылдык билим берүүгө өтүү менен 5-6 жаштагы балдар 100 пайыз милдеттүү түрдө мектепте билим алышат. Мектепке чейинки даярдоо программасынан өтүп келген мугалимдер квалификациясын жогорулатып, 1-класстарды окутууну улантышат", — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

 

Учурда мектептерде мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класс уюштурулулганы белгиленди.

Өлкөнүн мектептерине 12 жылдык окуу системасын киргизүү демилгеси 2022-жылы апрелде белгилүү болгон. Анда мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев балдар 1-класска алты жаштан бара баштарын, ал эми 0-класс жоюларын белгилеген. Анын айтымында, мындайда бала бир жылын текке кетирбейт, ал эми өлкөнүн билим берүү системасы "эл аралык стандартка ылайык" болот.

Министрлик мектеп программасы балдар үчүн жүктөмдү азайтуу жана программаны 12 жылдын ичинде бирдей бөлүштүрүү тарабына багыттоо үчүн кайра каралып чыгарын белгилешкен. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей