БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Өлкөдө жыл башынан бери керектөө баалары менен тарифтер дээрлик 7% өстү
Кыргызстанда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 2023-жылдын январь-ноябрь айларында керектөө баалары менен тарифтер 6,9% өстү. Бул тууралуу 12-декабрда Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул аралыкта өлкөдө азык-түлүк эмес товарлардын баасы 11,9%, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиники 10,7% өссө, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,9% жогорулаган. Республика боюнча керектөө баалары менен тарифтердин максималдуу өсүүсү Нарын жана Ош облустарында катталган.
Октябрда Улуттук статистика комитети өткөн жылга салыштырмалуу быйыл январь-сентябрь айларында азык-түлүк баалары менен кызмат көрсөтүү тарифтери 5,7% өскөнүн билдирген. Анда да алкоголдук ичимдиктердин, тамекинин жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары эң көп жогорулаганы белгиленген.
Кийинчерээк Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Казакстанда керектөө баалары эң көп жогорулагынын билдирген. Ага ылайык, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында азык-түлүк Кыргызстанда 3,9%, Казакстанда 6,2% өскөн.
31-октябрда Улуттук банк Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 9,2% жеткенин, жыл башынан бери баалар 6,7% өскөнүн маалымдаган. Анда каржы мекемеси азык-түлүк баасынын өсүүсү жайлап, "кызматтар менен азык-түлүк эмес товарлардын баалары мурунку деңгээлде калып жатканын" билдирген.
2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 14,7% түзгөн. Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгында инфляция 10-12% түзөт деп болжолдогон.

Автор: Т-Медиа > 392 макала
March 2025
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5