БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бакчаларга видеокамера орнотуу каралууда
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өлкөдөгү бардык бала бакчаларга видеокамера орнотуу каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде айтып, мындай чара Сузактагы бала бакчадагы окуядан кийин көрүлө баштагынын кошумчалады.
"Ар бир айыл, шаар менен байланышып учурда канча бакчада видекөзөмөл орнотулганын текшердик. Жергиликтүү бийликтер менен байланышып, видеокамера орнотулушу керектигин айттык. Аны колдонуу боюнча инструкция дагы жөнөтүлөт. Анткени купуялуулук дагы сакталып, ата-энелер балдарын камера аркылуу карап тура алгандай болушу керек. Ал эрежелердин сакталып жатканын бакчанын жетекчилиги көзөмөл кылышы кажет", — деди Жусупбекова.
Мындан сырткары Сузактагы окуя катталган бакчага психолгдор тобу кеткенин кошумчалаган.
2-декабрда социалдык тармакта балдарды белгисиз аял уруп жаткан видео тараган. Окуя Сузактагы "Кенжетай-1"бала бакчасында болгону айтылган. Тасмадан аял бир баланы далысына чапкылап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле наристелердин жеп жаткан тамак-ашынын видеолору да жарыяланган. Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү таратып, териштирүү жүргүзүлүп, тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлөрүн билдирген.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси "Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо", 337-беренеси "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана 348-беренеси "Шалаакылык" менен кылмыш иши козголгон.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat