БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Өлкөдөгү бала бакчалардын 63%ы видео байкоо менен жабдылган

Өлкөдөгү бала бакчалардын 63%ы видео байкоо менен жабдылган

Сүрөт: Т- Медиа

Кыргызстандагы бала бакчалардын 63% видео көзөмөл менен камсыздалган. Учурда калган 37% камера орнотуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова былтыр 30-декабрда өткөн басма сөз жыйынында билдирген. 

"Видео көзөмөлдү орнотуп эле отуруп калбай биз Ички иштер министрлиги менен да сүйлөшүп атабыз. Анда видео камералар “Коопсуз шаар” деген долбоор менен интеграцияланат. Бала бакчада эмне болбосун алардын көзөмөлдө турушу керек",-деди  Надира Жусупбекова.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева бала бакчалардагы соңку окуялар тууралуу да маалымат берип, балдардын коопсуздугу үчүн министрлик да жоопту экенин айтты.

"Эң биринчи ошол жерге адистерди кабыл алган жергиликтүү деңгээлдеги билим берүү органдары жана акимге чейин жооп берет. Анткени ошол бала бакча айыл өкмөттүн аймагында турат. Ал жакта жашаган ар бир адамдын коопсуздугу үчүн айыл башчысы, аким дагы жооп бериши керек", -дедииКендирбаева.

Бала бакчаларга видео камера орнотуу Чүйдөгү №4 “Сокулук алтын балалык” бала бакчасында беш жашар Алия аттуу кыз чарчап калгандан кийин талап кылына баштаган.

Бакчанын директору окуядан кийин өз каалосу менен жумуштан кеткени белгилүү болду. Ал эми кыздын тарбиячысы Алина Камчыбек кызы менен анын жардамчысы өз эрки менен жумуштан кетүү тууралуу 9-декабрда арыз жазышкан.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айылындагы "Кенжетай-1" бала бакчасындагы наристе сабалган учур тартылган видео 2-декабрда интернетте тараган. Тасмадан аял бир баланы далысына чапкылап жатканын көрүүгө болот. 

Кийин бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (“Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Соңку учурлардагы балдар бакчаларындагы уруп сабоо, андагы шарттар, наристелердин коопсуздугу өңдүү маселелер кайрадан көтөрүлүп, коомчулуктун кызуу талкуусунда турат. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала