БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдөгү бардык КТБлар бирдиктүү иш графигине өтүштү

Өлкөдөгү бардык КТБлар бирдиктүү иш графигине өтүштү

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандагы бардык ири Калкты тейлөө борборлору эрте мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуусуз бирдиктүү иш графигине өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Санариптик өнүктүрүү министрилиги билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим жумушу саат 9:00дө башталган адамдардын ыңгайына карата кабыл алынган. 

“Жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган. СӨМ жарандардын муктаждыктарына багытталган сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууга умтулат. Сиздер 08:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз жаңы иш графигинде иштеп жатышкан Калкты тейлөө борборлоруна келип, кызмат алсаңыздар болот”-деп маалымдаган министрлик.

Буга чейин КТБларга саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштөө графиги пилоттук режимде киргизилген эле. Бирок кечки тейлөө убактысында талап көп болбогону аныкталган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 257 статей