БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Өлкөнүн тандоосун кабыл алабыз». Байден бийликти Трампка тынч өткөрүп берүүгө көмөктөшөрүн айтты
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден жаңы шайланган мамлекет башчы Дональд Трампка бийликти тынч өткөрүп берүүнү жана ага өзү көмөктөшөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 7-ноябрда шайлоонун жыйынтыгы боюнча сүйлөп жатып айтты.
"Кээ бир адамдар үчүн бул жеңиш мезгили, башкалары үчүн жеңилүү. Өлкө тигил же бул нерсени тандайт жана биз өлкөнүн тандоосун кабыл алабыз. Ким кандай добуш берген күндө да биз бири-бирибизге душман эмес, мекендеш катары карап, чыңалууну азайтышыбыз зарыл", - деген Байден.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Республикачы Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 277синин колдоосуна ээ болду. Анын негизги атаандашы Камала Харрис зарыл болгон 270 добуштун 224үн гана алган. Көптөгөн мамлекет жана өкмөт башчылары Трампты шайланышы менен куттукташты.
Автор: Т-Медиа > 390 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat