БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Өлкөнүн түштүгүндө үшүк жүрүшү күтүлөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өлкөнүн түштүгүндө үшүк жүрүшү күтүлөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап,  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1…-3°ка жеткен үшүктүн жүрүшү күтүлүүдө. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызгидромет кызматынын  болжолдуу маалыматына таянып билдирди.

Министрлик мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу экенин эскертет.

13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши болжолдонууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала