БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Маданият министрлиги блогер Эргешовго эскертүү берип, материалын өчүрүүнү талап кылды

Маданият министрлиги блогер Эргешовго эскертүү берип, материалын өчүрүүнү талап кылды

Али Эргешовдун Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эл билсин" ютуб каналын жүргүзгөн, блогер Али Эргешовго эскертүү берди. Мекеме анын "9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?" деген аталыштагы материалында журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптары одоно бузулганын белгилейт. 

"Автор материалды даярдоодо аудиторияга өзүнүн пикирин бир нече ирет таңуулаган. Ал "ыдык көргөн кыз ыйламак, качмак, ызы-чуу салмак" деп бүтүм чыгарып, бул багытта адистердин, эксперттин пикирин же расмий мекемелердин маалыматын уккан эмес. Мындай жагдай материалдын бейтараптуулугунан күмөн жаратат. Кесиптик этиканын 8-пунктундагы талаптарды бузуп, окуяны бир тараптуу чагылдырган", -дейт министрлик. 

Министрлик КРнын Балдар жөнүндө кодексинде жашы жете электердин укугу өзгөчө корголгонун, алардын келечегине зыян келтирбөө үчүн КРнын журналисттеринин Этикалык кодексинин 12-бөлүмүндө балдарга байланыштуу маселелерди чагылдырууда өзгөчө этият болуу зарылдыгы белгиленген. 

Автор материалында колдонгон видеодо жашы жете элек кыздын жүзүн алыстан болсо да, ачык көрсөткөн. Мындан улам министрлик Али Эргешовдон репортажды ыкчам алып салууну талап кылган. Мындан тышкары ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн жана эмгек келишимдин көчүрмөсүн алардын дарегине жөнөтүүнү өтүнгөн. Жогорудагы талаптар аткарылбаса Кыргызстандын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чаралары көрүлөрүн эскертти. 

Али Эргешев Ютубдагы "Эл билсин" каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат. Каналдын 142 миң катталуучусу бар.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей