БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Абалды курчутпагыла". Маданият министрлиги айрым ЖМКларга эскертүү кат жөнөтүүдө

"Абалды курчутпагыла". Маданият министрлиги айрым ЖМКларга эскертүү кат жөнөтүүдө

Сүрөт: "Sputnik"/ Жоомарт Ураимов

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына эскертүү катын жөнөтүүдө. Бул тууралуу 16-февралда "Политклиника" медиасы менен 24.кж басылмалары билдирди.

"Политклиниканын"жетекчиси Дилбар Алимова "Т-Медиага" билдиргендей, министрликтен кат аларга 15-февралда келген. Анда мекеме ЖМКлардан төмөнкүлөрдү суранган:

— Өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда чындыкка жатпаган, коомдогу абалды чыңалтууга алып келе турган, жек көрүү сезимин козгогон, коомдо дискриминация жана бөлүнүп-жарылууга алып келе турган маалыматтарды таратууга жол бербөө;

— Айрыкча тышкы саясатты чагылдырууда өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын эске алуу менен, саясий нейтралдуулукту сактоо принцибин сактоо;. 

— Коңшулаш өлкөлөрдөгү ички саясий процесстерин чагылдыруудан оолак болууга чакырабыз, себеби бул коңшулук жана эки тараптуу мамиле принциптерине терс таасир тийгизиши мүмкүн. Катта эгерде жогорудагы айтылган талаптарды жана мыйзамды сактабаган учурларда тиешелүү административдик мүнөздөгү чаралар көрүүлөрү жазылган.

Ал эми маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кат өлкөдөгү бардык ЖМКларга жөнөтүлүп жатканын "Т-Медиага" билдирди. Бирок себебин түшүндүргөн жок. 

"Сиздердин да редакцияга (ред-"Т-Медиага") жөнөтүлдү", -деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Конституциясынын 10-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей