БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Маданият министрлигине алты айда "жалган маалымат" тууралуу 9 арыз түшкөн

Маданият министрлигине алты айда "жалган маалымат" тууралуу 9 арыз түшкөн

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда жыл башынан бери алты айда "жалган маалымат" тууралуу тогуз арыз түшкөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 5-августтагы маалымат жыйында билдирди. 

Даттануулардын экөө социалдык тармактардагы маалыматка байланышкан (Facebook, TikTok, YouTube, Telegram, Instagram). Алар менен Кыгызстандын келишими жок болгондуктан "маалыматты өчүрүү мүмкүн эмес" деген жооп беришкен. Калган арыздардын негизинде www.tribunaplus.kg, elpenasa.com, www.tribunakg.kg сайттарынын иши эки айга токтотулган. Дагы бир арыз боюнча сайттан маалыматты алуу чечими чыккан. 

"Бул сайттын ээси сотко чейинки даттануу укугун колдонуп министрликке кайрылган. Кароонун жүрүшүндө тараптар тынчтык келишимине кол коюшкан" - деди министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу. 

Андан башка эки арыз кароосуз калтырылган. 

Кыргызстанда 2021-жылы жалган маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген, ишенимсиз (жалган) маалымат таркатылган деп эсептеген ар бир адам сайттын ээсине же сайттын баракчасынын ээсинин үстүнөн даттанууга укуктуу. Арыз берилген күндөн тартып 24 сааттын ичинде баракчадан же веб-сайттан жалган маалыматты алып салышы жана мурда жайгаштырылган маалыматты төгүндөшү керек болот. 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей