БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Мадина" базарынын ээси тил кат менен абактан бошотулду

"Мадина" базарынын ээси тил кат менен абактан бошотулду

Сүрөт интернеттен алынды

"Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу абагынан бошотулду. Ал Октябрь райондук сотунун судьясынын токтомунун негизинде 22-мартта чыкканын Бишкек шаардык соту билдирди.

Ушул эле сот февралдын башында Салимовду тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 4-апрелге чейин узарткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунтай Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын былтыр 10-ноябрда билдирген. Атайын кызмат ага "узак убакыт бою криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Камчы Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн" деген айып койгон. Салимовго Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топко катышуу" беренеси менен айып тагылган.

Турсунтай Салимов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылыштагы (2010-2015-жылдары) депутаты болгон. Бишкектеги "Мадина" базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

 

Автор: Т-Медиа > 353 статей