БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мадумаровдун уулу айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды

Мадумаровдун уулу айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылды

Сүрөт: "AKИpress"

2-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Нурмухаммед Мадумаровду бир жылдык мөөнөткө айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратты. Маалыматты "Т-Медиага"  Жогорку соттун басма сөз кызматы тастыктады. 


 

Мекеменин билдиришинче Аламүдүн райондук жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан Нурмухаммед Мадумаровго карата протокол түзүлгөн. Документте анын  29-октябрда мас абалында "Ford Fusion" үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатканы жазылган.


Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси (Айдоочунун транспорт каражатын алкоголдук, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды мас абалында башкаруусу) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал өзү да күнөөсүн мойнуна алып, сотто кылган ишине өкүнгөн.

 

31 жаштагы Нурмухаммед Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун уулу.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей