БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мадыген геопаркына 2 млн 700 миң сомго кароо аянтча курулду

Мадыген геопаркына 2 млн 700 миң сомго кароо аянтча курулду

Сүрөт: президентин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Баткендеги Мадыген геопаркына кароо аянтчасы курулуп, бүгүн, 14-октябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, кароо аянтчасына 2 млн 700 миң сом сарпталган. Бул каражат Баткенди өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдон бөлүнгөн. 

Аталган аятнча Баткен облусунун 25 жылдыгына 25 объекттин катарында ачылды. Өлкө боюнча бүгүн 45 объект Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата пайдаланууга берилди. 

Мадыген - Кыргызстандын түштүк-батышындагы уникалдуу аймак. Байыркы калдыктары, тарыхый табылгалары жана кооз пейзажы менен окумуштууларды жана туристерди өзүнө тартып турат.

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей