БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Махмудов менен Жузупбеков жарым финалга өтпөй калышты

Махмудов менен Жузупбеков жарым финалга өтпөй калышты

"Т-Медианын коллажы

Париж Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча бүгүн, 6-августта  беттешке чыккан эки кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жарым финалга өтпөй калышты. 

Чейрек финалда Махмудов казак балбаны Демеу Жадраев менен  беттешип, 3:1 эсебинде утулду. Махмудов алгачкы атаандашы Камал Амир Бейди 4:1 эсебинде жеңген болчу

Эми Жадраев финалга чыкса Махмудов коло медаль үчүн жубатуучу мелдеште күч сынашат.

25 жаштагы Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген.

Ал эми 97 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Жузупбеков да чейрек финалда ирандык спортчу Мохаммадхади Саравиниге 8:0 эсебинде жеңишин алдырып койду. Эми ирандык балбан финалга чыкса, кыргыз балбаны коло үчүн күрөшөт.

28 жаштагы Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону, Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси, Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Олимп оюндары Парижде 26-июлда башталган. Ага Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей