БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Майлуу-Сууда прокуратуранын 100 жылдыгына карата иш чаралар өтүп жатат

Майлуу-Сууда прокуратуранын 100 жылдыгына карата иш чаралар өтүп жатат

Прокуратурага 100 жыл

Майлуу-Суу шаарынын прокуратура кызматкерлери калаадагы сейил бакка 48 түп көчөт отургузушту. Мекеменин маалыматына караганда иш чара Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына карата уюштурулган. 

Жалпы жаңгак жана карагайдын көчөттөрү тигилди. Ушул эле датага байланыштуу 29-апрелде шаардын прокурору Эрнест Асакеев менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду. 

Борбордук Азия колледжинин (ЦАК) студенттерине прокуратуранын тарыхы жана анын бүгүнкү күндөгү ролу тууралуу маалымат берилди. 

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей