БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Майлуу-Сууда парктын жери мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарындагы бир жарым гектар парктын жери мамлекетке кайтарылды. Мекеме аталган тилкенин базар баасы 12, 500 млн сомду түзөрүн тактады.
"Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан калаадагы жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анда парктын тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй турган жалпы 1,5 га жер тилкеси аныкталды", -дейт прокуратура.
Мекеме кошумчалагандай, бул ишке байланыштуу прокурордук акты келтирилген. Парктын жери Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчигине алынган.
![](/media/profile_pics/%D0%90%D1%81%D0%B5%D0%BC%D0%B0.jpg)
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat