БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Маймыл чечеги коркунуч туудурабы? Текшеребиз

Маймыл чечеги коркунуч туудурабы? Текшеребиз

"Т-Медианын" коллажы

Соңку күндөрү социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында дүйнөдө маймыл чечеги оорусу күчөп жатканы тууралуу билдирүүлөр тарап жатат. Маймыл чечеги деген эмне? Белгилери кандай? Ал эмнеси менен кооптуу? Вирустун вакцинасы барбы? "Т-Медиа" илдет тууралуу маалыматтарды чогултту.

Учурда Кыргызстанда да дүйнөгө коркунуч жараткан маймыл чечегинин алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бизге өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, ооругандар жоктугун маалымдады. 

"Учурда нормативдүү документ иштелип чыкты. Ооруну жугузган кишини каяка жаткырып, кандай жумуштарды аткарабыз? Мунун баары даяр. Ошондой эле департаменттин лабораториясы бар. Ал жерге тест системалары коюлган. Эгерде күмөндүү адам кайрылса, лабораториялык түрдө тактай алабыз. Мындан тышкары аэропорттордогу, темир жолдордогу өткөрүү пункттарында эпидемиологиялык дарыгерлер иштеп жатат. Алар өлкөгө келгендердин баарынын дене табын өлчөп, өткөрүшөт. Эгерде күмөндүү адам боло турган болсо обочолонтуп, диагнозу чыкканча ооруканада кармайт", -дейт , Оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Динара Оторбаева.

Маймыл чечеги оорусу алгач Африкада эпидемияга айлан. Ал биринчи жолу бул өлкөдөн тыш аймакта, Швецияда катталды. Ал бейтап вируска Африкада жүргөндө кабылганын айткан. 19-августтагы маалымат боюнча оорунун очогу болгон Конго республикасында бул инфекциядан 500дөн ашык киши каза болду. Мындан тышкары вирус 115  мамлекетте катталган. Арасында Афирика континенти жана Пакистан, Швеция өлкөлөрү бар.

Кантип жугат?  

Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү вирустук инфекция. Вирустун аталышы англисчеден кыскартканда mpox деп аталат. Ал бир адамдан экинчи адамга жугат. Бирок кадимки чечек оорусуна караганда бир топ жеңил өтөт. Бул вирус биринчи жолу 1970-жылы Африканын он өлкөсүндө табылган жана ал жактан инфекциялар мезгил-мезгили менен аныкталып турат. 

Оору байланыштан же жыныстык жол менен жугушу мүмкүн. Башкача айтканда инфекция жыныстык жол менен гана жукпайт. Аны жөн гана ооруну жугузуп алган адамдын териси же ал кийген кийимге кол тийип кетсе же болбосо аны менен бир бөлмөдө болгондо деле жуктуруп алууга мүмкүн. Ошондой эле булганган шейшепти, кийим-кечени, ийнени колдонуу да кооптуу. Кош бойлуу энеден ичиндеги балага өтүшү да айтылган. Илдетке кабылган жаныбарлар - чычкан, маймыл жана тыйын чычкан менен байланышта болгон учурда да жугушу ыктымал.

Белгилери кандай болот?

Ысытма чыгат, баш катуу ооруйт, лимфа бездери шишийт. Бул илдетке чалдыкканда баш, бел ооруп, адам чыйрыгып, шалдырайт. Температура көтөрүлгөндөн бир-үч күндөн кийин денеде исиркектер пайда боло баштайт. Ал оорутуп, катуу кычыштырышы мүмкүн. Вирустун инкубациялык мезгили 6 күндөн 13 күнгө чейин болгону менен 21 күнгө чейин созулат. 

Тобокелчилик топко кимдер кирет? 

Жаш балдар, иммунитети начарлар жана кош бойлуу аялдар. 

Ооруну дарыласа болобу, вакцинасы барбы?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көп жылдык изилдөөчөлөрдүн негизинде маймыл чечегине каршы үч вакцина иштелип чыкканын билдирди. Алардын ичинен MVA-BN, LC16 и OrthopoxVac түрлөрү коопсузурак деп табылган. Ал эми Америка АКШда, Канадада жана Европа Биримдигинде "тековиримат" деген дары катталган. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей