БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Майыптыгы бар жарандарды караган 14 миңдей адамга акы төлөндү

Майыптыгы бар жарандарды караган 14 миңдей адамга акы төлөндү

Сүрөт интернеттен алынды

2023-жылы майыптыгы бар жарандарды караган 13 миң 987 адам жеке ассистент катары айлык маяна алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.  

Кыргызстанда 14 миң 287 адам майыптыгына байланыштуу башка бирөөнүн жардамына муктаж. Өлкөдөгү мыйзамга ылайык жарандын ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү, жакын туугандары же 65 жаштан ашпаган, майыптыгы жана балдарга карата кылмыштары боюнча соттуулугу жок жана тиешелүү окуудан өткөн башка адамдар жеке ассистент боло алышат.

Интернатта жашабаган майыптыгы бар балдар жеке ассистент болуу укугуна ээ.

Майыптыгы бар адамдын жеке кароочусу болуу үчүн жашаган жери боюнча райондук, шаардык жана райондор аралык  эмгек, социалдык камсыздоо жага миграция  башкармалыгына арыз берүү зарыл.

Жеке кароочулардын акысы 6 миң 268 сомду түзөт.

2022-жылдын 1-июнунан тартып, майыптыгы бар балдар гана эмес, бала кезинен 1-топтогу майыпыгы бар адамдар да (18 жаштан жогору)  жеке ассистенттин кызматын ала башташкан.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей