БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Майыптык фактысын аныктоодо маалыматтар электрондук жолдомолор аркылуу берилет

Майыптык фактысын аныктоодо маалыматтар электрондук жолдомолор аркылуу берилет

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда майыптык фактысын аныктоонун санариптик формасы түзүлдү. Ага ылайык, жарандар жөнүндө маалыматтар Медициналык социалдык экспертиза комиссияларына (МСЭК) электрондук жолдомо аркылуу берилет. Бул тууралуу "Т-Медиага" Электрондук саламаттык сактоо борборунун жетекчиси Чыңгыз Бексултанов билдирди. 

Бексултановдун айтымына караганда, майыптыгы бар экенин тастыктоочу документти жарандар бир эле жерден ала алышат. Санариптик чечим бейтаптын активдүү катышуусун талап кылбай эле, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

"Жарандар өздөрү эч кандай маалымкаттарды алып келишпейт. Саламаттык сактоо уюмуна келет. Ал жерден текшерүүдөн өткөрүлүп, маалыматтар базага киргизилип, электрондук жолдомо түзүлөт. Ал медициналык социалдык экспертиза комиссияларына келип түшөт", -деди ал.

Бирок Бексултанов МСЭК дагы бир жолу текшерүүдөн өткөрүү үчүн жаран чакыртыларын кошумчалады. Алар корутунду чыгарып бергенден кийин, жарандар "Түндүк" тиркемеси аркылуу документти көрсөтө алышат. 

Маалыматка ылайык, быйылкы биринчи жарым жылдыкта мекемелер аралык кызматташуунун алкагында Бишкек шаарында 450 адамдын документтери боюнча корутундулар түзүлүп, кабыл алынган.

Санариптик чечим 2024-жылы жалпы өлкөдө жайылтылат. Азыркы тапта пилоттук режимде ишке кирген. Бул өлкөнүн бардык жарандары үчүн медициналык-социалдык экспертиза жараянын жеңилдетет жана натыйжалуулугун жогорулатат. Бул демилге өкмөттүн акселераторлор программасынын алкагында ишке ашырылды.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 27 медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы бар. Алар аркылуу жылына 50 миңдей адам текшерүүдөн өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, майыптыгы бар жарандар 204 миңден ашат, алардын ичинен 35 миңден ашууну 18 жашка толо элек. Алар менен 244 кызматкер иштешет.

Буга чейин жарандын майыптыгын аныктоо жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилип, жеңилдиктер каралган. Анда майыптыгы ооруканага жаткырылбай эле аныкталуучу оорулардын тизмеси толукталган. Аларга дүлөй, дудук жана ар кандай даражадагы акыл-эси өрчүбөй калышы сыяктуу оорулар кирет.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей