БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Максат Асаналиев: мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды так аткарып, талапты күчөтүү зарыл болуп турат

Максат Асаналиев: мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды так аткарып, талапты күчөтүү зарыл болуп турат

Сүрөт: Акипресс

Башкы прокурор кызматына талапкер Максат Асаналиев Баш мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарын аткарбагандар бар экенин айтып, алдыда талапты күчөтүү керектигин белгиледи. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиевдин "Прокуратуранын ишин жакшыртууда алдыда кандай планыңыз бар?"  деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Менин оюмча Баш мыйзамыбызда, Кыргызстандын прокуратура органдары жөнүндө конституциялык мыйзамда жетиштүү ыйгарым укукатар берилген. Прокуратуранын алдында коюлган милдеттерди, тапшырмаларды аткаруу үчүн.  Экинчи маселе бул Баш мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды аткаруу маселесинде турат деп ойлоп жатам. Баары деп айта албайм, бирок өздөрүнүн милдеттерин так аткарбаган кээ бир кызматкерлер бар. Мындан сырткары белгилеп кетсем, коррупция маселесине аралашкан кызматкерлер да жок эмес", -деди Максат Асаналиев. 

Мындан улам Асаналиев эгер, башкы прокурор кызматына дайындалса мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды так аткарып, талапты күчөтүү менен иш алып барууну көздөп тургандыгын белгиледи. 

Парламент бүгүн, 5-июнда башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. 

Мунун алдында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да кезексиз жыйында Асаналиевдин талапкердигин жактырган.

Максат Асаналиев ким? 

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районун Ак-Терек айылынан болот. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын тергөөчүсү, кийин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду. Анын отставкага кеткени 3-июнда маалым болгон

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей