БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды

Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды

Максат Асаналиев

Максат Асаналиев Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалы. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону 5-июнда президенттин сайтына жарыяланды

Мындан сырткары өлкө башчы Курманкул Зулушевди кызматтан бошоткон жарлыкка да кол койду. 

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйында Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырган. Аны башкы прокурорлукка президент сунуштаган.

Максат Асаналиев ким? 

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районун Ак-Терек айылынан болот. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын тергөөчүсү, кийин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду. Анын отставкага кеткени 3-июнда маалым болгон

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей