БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамкатчы буга чейин "Ала-Тоо" аянтына такталбаган туу илинип калганын билдирди

Мамкатчы буга чейин "Ала-Тоо" аянтына такталбаган туу илинип калганын билдирди

Сүрөт sputnik.kg сайтынан алынды

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов буга чейин "Ала-Тоо" аянтына такталбаган, толук кароодон өтө элек желек илинип калганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-январда башкы тууну алмаштыруу учурунда айтып, бул жагдай дагы такталаарын кошумчалаган.

"Балким жакшы ниет, жакшы тилек менен жаңы жылды жаңы туу менен тосолу деген жагдайда, толук такталбаган, толук кароодон өтө элек туу илинип, бир топ ызы-чууну жаратып жиберди. Бул тууралуу биз кийинчерээк дагы кеп кылабыз. Себеби, бүгүнкү туу Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынган, өкмөттүн токтому менен бардык параметрлери, өңү, түсү, узун-туурасы, кандай даярдалышы керектиги өзүнүн жобосу менен кабыл алынган" , -дейт Касмамбетов.

Ошондой эле мамкатчы тууну алмаштыруу иш-чарасына эмнеге президент өзү катышпаганын мындайча түшүндүрдү. 

"Биздин туубуздун өзөгү өзгөргөн жок. Өңү өзгөргөн жок. Күн, түндүк баарынын негизги өзөгү сакталды. Эгер, туу толук өзгөрсө бүт Кыргызстан боюнча расмий иш-чаралар жарыяланып, бардык жерде салтанаттуу түрдө көтөрүлмөк. Өзөгү толук өзгөрбөй, сакталгандан кийин буга президент катышкан жок".

Туу чыры

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун былтыр 20-декабрда Жогорку Кеңеш дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган. Ал эми 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы желекте күндүн нурлары толкун сымал эмес түз тартылып, түндүккө дагы бир чамгарак кошулган.  

Бирок үстүбүздөгү жылдын 1-январында башкы аянтка парламент кабыл алгандан башка желек илинген. Аны президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, туунун акыркы вариантын токтом менен бекиткен" деп түшүндүргөн

Бүгүн, 8-январда "Ала-Тоо" аянтындагы туу кайрадан алмаштырылып, Жогорку Кеңеш кабыл алган варианты илинди. 

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, былтыр сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты "өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу" экени белгиленген. Кийин экинчи элдик курултайда президент тууну өзгөртүүнү өзү демилгелеп, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге сунуштаганын айткан. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей