БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамкурулуш Бишкекте мыйзамсыз курулган 38 турак-жайдын тизмесин жарыялады

Мамкурулуш Бишкекте мыйзамсыз курулган 38 турак-жайдын тизмесин жарыялады

Сүрөт: Мамкурулуш агенттиги

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкекте соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан турак-жайлардын жана аларга ээлик кылган компаниялардын тизмесин жарыялады. Мекеме калаа тургундарын бул жактардан батир сатып албай турууга чакырды. 

Маалыматка караганда, ушу тапта мыйзамсыз курулган жана курулуп жаткан 38 объект бар.

 

Мамлекеттик курулуш агенттиги жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырат. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей