БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Манас" аэропорту ички каттамдардын билет баасын жарыялады

"Манас" аэропорту ички каттамдардын билет баасын жарыялады

Сүрөт интернеттен алынды

Жаңы ачылган Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан Кыргызстандын бардык аймактарына ички каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу 23-августта "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алена Хоменко кабарлады.

Ал ошондой эле билет бааларын да жарыялады.  

- Бишкек — Ош – 3300 сом; 

- Бишкек — Жалал-Абад – 3100;  

- Бишкек — Талас – 2100;  

- Бишкек — Баткен – 3300;  

- Бишкек — Раззаков  – 3300; 

- Бишкек — Казарман  – 3100.

Хоменко Каракол менен Нарынга учактар кышка чукул каттай турганын айтып, азырынча бул аймактарга билет баасы каралып жатканын кошумчалады.

"Манас" аэропортунун директору Манасбек Самидинов 31-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында мамлекеттик Asman Airlines компаниясы сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар күзүндө келерин айткан. Алардын бири сентябрь айынын этегинде ишке кирет. Самидинов учактардын билет баасы бара-бара арзандай турганын да белгилеген.

Кыргызстанда буга чейин ички каттамдарды "Тезжет" жана "Авиатрафик" эки компаниясынын учактары аткарышчу. Соңку учурларда ички аба каттамдарда билет баасынын кымбат болуп жаткандыгына бир катар нааразычылыктар айтылып келет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей