БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамлекеттик гербге 30 жыл толду

Мамлекеттик гербге 30 жыл толду

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын эн белгилеринин бири болгон гербдин кабыл алынганына бүгүн 30 жыл толду. Ал 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Мамлекеттик гербдин авторлору — Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Гербде канаттары жайылган Манастын шумкары чагылдырылган, бул өлкөнүн эркиндигинин символу. Ошондой эле Ысык-Көл чагылдырылган, аны Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору курчап турат. Күн жаркыраткан тоонун чокулары кыргыз элинин ак калпагы сыяктанат.

Ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.

Мамлекеттик герб 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей