БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Мамлекеттик ипотекалык компания курган батирлер ээлерине тапшырылды
Бүгүн, 16-декбарда Бишкекте мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында салынган батирлер ээлерине тапшырылды. Ага президент Садыр Жапаров катышып, максаты ар бир кыргызстандыкты үй-жайлуу кылуу экендигин белгилеген.
Ипоткелык программанын алкагында салынган батирлер Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашып, турак жай комплекси жети блоктон турат. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпысы 549 батир курулган.Бул батирлер социалдык багытта иштеген кызматкерлерге жана 50% үлүш кошуу шарты менен алгандарга берилген.
Мамлекет башчы өз сөзүндө азыркы тапта республика боюнча турак-жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталганын билдирди.
“Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун же бир шаардын калкы!Бирок биз бул көйгөйдөн качпай, “Көз коркок, кол баатыр” деген макалдагыдай, жарандардын үй маселесин четинен чеүүгө киришкенбиз. Билесиздер, муктаждарга турак жай куруп берүү максатындамамлекеттик деңгээлде ири курулуш долбоорлору башталган.”
Мындан сырткары ал өлкө боюнча жалпы 40 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жаткандыгын айтты.
Эске салсак, ноябрь айында “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизилген.
Жарлыктын негизинде "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Бул "Мамлекеттик ипотекалык компания" менен "Элдик Банктын" "Топтомо ипотека" программасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Автор: Осмонова Айдана > 808 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat