БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Мамлекеттик ипотекалык компания шылуундардан сак болууга чакырды

Мамлекеттик ипотекалык компания шылуундардан сак болууга чакырды

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсеси

Мамлекеттик ипотекалык компания  соңку убакта айрым адамдар жарандарга мамлекеттик ипотеканы алууга арыз толтуруп, кезекке коюп берүү кызматын сунуштап, акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ипотекага кезекке туруу процесси автоматташкан жана толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлөт. Кезекке туруу же арыз берүү үчүн бирөөгө акча төлөөнүн зарылдыгы жок. Жарандар бардык ишенимдүү маалыматты компаниянын расмий сайтынан таба алышат.

Мындан тышкары ипотекалык компаниянын Бишкек шаарындагы кеңсесине кайрылган жарандарга ипотекалык программалар боюнча адистер тарабынан кеңештер жана зарыл болгон маалыматтар акысыз берилет. Кеңсе Чыңгыз Айтматов 1 проспектинде жайгашкан.

Мекеме эгерде кимдир бирөө акча талап кылса же сураса, компания бул тууралуу  0312 56 01 16, 0772 98 89 01, 0552 98 89 01,( WhatsApp) +996 553 988 901 номерлерине кабарлап коюуну өтүндү. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала