БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамлекеттик катчы туу боюнча: депутаттар элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамлекеттик катчы туу боюнча: депутаттар элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Туунун сунушталып жаткан варианты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов туунун өзгөрүшүн колдой тургандыгын билдирип, "Фейсбук" баракчасына пост жарыялады. Ал сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, УКМКнын  төрагасы Камчыбек Ташиевге, өзүнө да жакканын айткан. 


"Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө. Илгертен элибиз "Өзгөнүн туусун жыгып, өзүнүн туусун саяр балдарыбыз көп болсо экен" деп тилек кылышчу. Улуу Ата мекендик согуш учурунда дагы аскердик бөлүктөр күжүрмөн туусу үчүн кырылып калышкан. Азыркы биздин туубуз, Эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу", -деп жазган ал. 

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алган. Документти 66 депутат колдоп, сегизи "каршы" добуш берген. 

Тууну өзгөрттү боюнча мыйзам долбоорду парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Улан Примов иштеп чыгып, 29-сентябрда коомдук талкууга чыгарышкан. Долбоордун максаты мамлекеттик символду жакшыртууга багытталганы жазылган. Алардын пикиринде, туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылат.

Кыргызстандын азыркы мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей