БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө мораторий киргизилди

Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө мораторий киргизилди

Иллюстративдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө мораторий киргизди. Тиешелүү жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. 

Жарлыкка ылайык, министрликтерде, президентке жана Министрлер кабинетине караган мамлекеттик органдарында, сот органдарында, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн апараттарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга тыюу салынган. Мындан сырткары кызматкерлердин штатык санын көбөйтүүгө да мароторий кирди. 

Тыюу 2026-жылга чейин киргизилген. Мындай чечим мамлекттик бюджети натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынганы айтылды. 

Мамлекеттик кызматкерледин айлыгы акыркы жолу 2022-жылы август айында көтөрүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей