БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Манас" аэропортуна жакын жердеги автожарыш боюнча кылмыш иши козголду

"Манас" аэропортуна жакын жердеги автожарыш боюнча кылмыш иши козголду

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Бишкек - ​​"Манас" аэропорту жолунда автожарыш уюштургандарга кылмыш иши козголду.

 

 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматына караганда, Сокулук райондук милициясына Манас айылында белгисиз адамдар автожарыш өткөрүү үчүн жол тосуп, коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан маалымат түшкөн. Алар милициянын талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн.

 

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Окуяга тиешеси бар кишилер аныкталып, суракка алынды. Бир айдоосчуга 15 миң сом айып пул салынып, автоунаасы айып короого киргизилген. Ошондой эле бул кылмышка күнөөлүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

 

5-ноябрда Манас айылынын аймагында айдоочулар жеңил автоунаа жарыштырып, башкаларга тоскоолдук жаратышкан. Милиция барган учурда алар талаптарга баш ийбей, инспекторлорго каршылык көрсөтүшкөн. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей