БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр эвакуцияланууда

"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр эвакуцияланууда

“Манас” эл аралык аэропорту/ 12.09.2024

12-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортуна жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Имарат айланасы курчалып, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр тышка эвакуацияланууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматкери Алена Хоменко "Т-Медиага" кабарлады.

Учурда аба майданда эвакуция жана текшерүү иштери жүрүп жатат. 

Жарылуучу зат бар экени тууралуу кабардан улам быйыл "Манас" эл аралык аэропортунда май, июнь жана август айларында ушундай эле кырдаал түзүлүп, жүргүнчүлөр эвакуация болгон. Кийин маалыматтар ырасталган эмес.

Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан "Манас" эл аралык аэропорту Кыргызстанда маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей