БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

“Манас” аэропорту ишканасынын аталышы өзгөрдү

“Манас” аэропорту ишканасынын аталышы өзгөрдү

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын аталышы "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому болуп өзгөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Алено Хоменко 19-декбарда билдирди. 

Хоменконун маалымдашынча, бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү болот жана башкы аба майданы "Манас" аэропорту деп аталып кала берет.

“Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстанда маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат. Ал Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.

Автор: Бурханов Байэл > 24 макала