БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Манас" эпосу дагы бир тилге которулду

"Манас" эпосу дагы бир тилге которулду

Сүрөт Улуттук Манас академиясынын фейсбук баракчасынан алынды / "Манас" эпосу балкар тилинде

"Манас" эпосунун Мар Байжиев жазган версиясы балкар тилине которулду. Анын бет ачары Орусиянын Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында өттү. Бул тууралуу Улуттук Манас академиясы кабарлады.

Маалыматка караганда, котормону Кыргызстанда туулуп-өскөн Сакинат Мусукаева ишке ашырган. Китепти чыгарууга Карачай-Черкесия Республикасынын эл акыны, "Минги-Тау" адабий журналынын башкы редактору Аскер Додуев көмөк көрсөткөн.

 

"Манас" эпосу "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.

2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь "Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей