БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди

Сүрөт: Дөлөөт Сыдыковдун соцбаракчасынан алынды

Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков 11-январда өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу ал өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусунда болгонун билдирди.

Дөлөөт Сыдыков Ташиев менен Манас дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлашканын белгилеген. Мындан сырткары атайын кызматтын төрагасы анын Манастын эстелиги коюлбаган Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абадга эстелик тургузуу демилгесин колдогонун айтты. 

"Мен манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Ташиевдин оюндадагы Манас  улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым", -деп жазган ал.

Дөөлөт Сыдыков 2022-жылы май айында "Манас айылы" тарыхый этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча долбоорго байланыштуу кысым болуп жатканын, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Ошондон бери Сыдыков Москвада жүргөн.

Андан кийин президент Садыр Жапаров манасчы тууралуу "Кабар" мамлекеттик агентигине маек берип, куугунтук болбогонун айткан. Ага карата "манасчы эмес, пиарчы экен" деген пикирин айткан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей