БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Марипов Оштун жолдорунан үч буттуу камераларды алып салууну сунуштады

Депутат Марипов Оштун жолдорунан үч буттуу камераларды алып салууну сунуштады

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин 17-октябрдагы жыйынында депутат Бакытбек Марипов Ош шаарындагы үч буттуу камералады алып салууну сунуштады. Эл өкүлү алар жеке жактардыкы экенин айтууда. 

"Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары иштеп баштаган. Мындан сырткары кошумча үч буттуу камералар турат. Шаардын ичи ансыз деле тыгын болууда. Ошондуктан ошол камераларды алып эле салбайлыбы? ", -деди Марипов. 

Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору 16-сентябрдан тарта толук иштеп баштаган. Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун 10 түрүн аныктайт. Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт

"Коопсуз шаардын" камераларын сатып алууга Муниципалдык менчик башкармалыгы 2,5 млрд сомдук тендер жарыялаган. Конкурска жалгыз орусиялык "МегаФон" акционердик коому катышып, жеңүүчү аталган.

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей