БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Маркумду узатуу, сөөгүн жайга коюу жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Маркумду узатуу, сөөгүн жайга коюу жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Сүрөт: Т-Медиа

Мыйзамга ылайык сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат. Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документти 2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Мыйзамды кабыл алуу менен сөөктү коюуну жүзөгө ашыруу, сөөк көмүлүүчү жайды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо максатталган.

Мыйзам долбоорунда жерге коюлган жакынын жанында бош жер болсо, өкмөт бекиткен тариф менен акча төлөп брондоп (занят)  койсо болот. Маркумдун жакындары табылбаса, сөөктү жерге берүү атайын кызматтар тарабынан ишке ашат. Мындан сырткары өлкө жараны экендигин же Кыргызстанда иштегендиги тууралуу документтерди көрсөтүп, үч жумушчу күндүн ичинде жөлөк пул алуу укугу жазылган.

Буга чейин "Азаттык" Бишкек шаарындагы өлүктөрдү көмүү үчүн  көр сатуу иштери жүргөндүгүн иликтеп чыккан. Анда асфальт бетондун үстүнө топурак төгүп, киши көмүлгөндөй кылып көрсөтүшкөн. Иликтөөдө адам көмүүчү жайлар 1000 доллардан баштап сатылары айтылган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей