БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзам кабыл алынса эмнелер өзгөрөт?
1-декабрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Аталган документ үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде коомдук талкууга коюлуп, депутаттар 5-октябрда биринчи окууда кабыл алып беришкен.
Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова, Эрулан Кокулов, Бакыт Тентишев, Исатбек кызы Аида, Алишер Козуев, Айбек Маткеримов тарабынан демилгелеп жатат. Эл өкүлү Марлен Маматалиев маркумду жерге берүү өлкөдө көйгөйгө айланып жаткандыгын, мыйзам кабыл алынса сөөктү жерге берүүдөгү убарагерчилик жоюлуп, коррупцияга бөгөт коюларын айтып келет.
Мыйзам долбоордо эмне сунушуталууда?
Мыйзам долбоор маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алып, адамдын көзү тирүүсүндөгү керээзине ылайык сөөктү көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин камсыздайт. Мындан тышкары маркумду мүрзөгө коюудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктап, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле мүрзөлөрдө санитардык, экологиялык талаптарды сактоону иретке келтирет.
Аталган мыйзамдын 5-беренесинде көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз карамагында болот деп жазылган. Ага ылайык, жаңы көрүстөндөрдү түзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Ошондой эле иштеп турган көрүстөндөр жаратылыш кырсыгынан улам коркунуч жаралса, өкмөттүн чечими менен гана которулат.
Ал эми көрүстөндөр отуз жылдан кийин гана пайдаланууга берилет, бирок имараттарды курууга тыюу салынат. Мыйзамда эгерде маркумду узата турган жакындары табылбаса, узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат ээ болоору айтылат.
Сөөк коюуга жер бекер берилет. Маркумдун сөөгүн мурда каза болгон туугандарынын жанына коюу бош жер участогу болгон учурда кепилденет. Бирок күйөөсү (аялы) каза болгон учурда аялынын (күйөөсүнүн) жанына сөөгүн кийин коюу үчүн жайды брондоого жол берилет.
Кыргызстандын жараны чет өлкөдө каза болгон учурда документтерди алууда көмөк көрсөттүү кепилденет. Ошондой эле мыйзамдын 8-беренсинде сөөктү коюну моюнуна алган тараптарга төмөндөгүдөй жагдайлар кепилдениптир:
1. Каза болгон себеби аныкталган мөөнөттөн баштап маркумдун сөөгүн коюу үчүн керектүү документтерди тезинен берүү. Эгерде каза болгон себебин аныктоо үчүн маркумдун сөөгүн өлүкканага жайгаштыруу үчүн негиздер пайда болгон учурда, жубайынын, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жакын туугандарынын же маркумду көмүү милдетин өзүнө алган башка жактын талабы боюнча маркумдун сөөгүн берүү каза болгон себеби аныкталган мөөнөттөн баштап эки суткадан ашык мөөнөткө кармалбашы керек;
2. Кандайдыр бир себептерден улам маркумдун жакындарды сөөктү жерге бере албаса, өлүкканада үч жумушчу күнгө чейин бекер туруу мүмкүндүгүн берилет.
Маркумдун жакындарына жаш курагына карабай өкмөттөн кенемте төлөнүп берилет. Учурда анын баасы 16 миң сом деп сунушталууда.
Мындан тышкары сунушталып жаткан мыйзам долбоордо көрүстөндөрдү көрктөндүрүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзүп, өздөрү каражат бөлөрү жазылат.
Акыркы жылдары айрыкча борбор калаа Бишкекте көрүстөн маселеси курч бойдон калууда.
Автор: Осмонова Айдана > 699 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat