БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Масалиев: коррупциядан өндүрүлгөн каражат ачык болушу керек
Депутат Исхак Масалиев коррупциядан өндүрүлгөн акча кайсы эсепке түшүп жатканын таба албаганын айтты. Бул тууралуу депутат парламенттин 11-декабрдагы жайынында билдирди. Ал "каражат Жогорку Кеңештин макулду менен иштетилиши керек" дейт. Масалиев ошондой эле убагында мыйзамсыз менчиктештирилип, кийин мамлекетке кайтарылган имараттар тууралуу коомчулукка ачык маалымат берүүнү сунуштады.
"Коррупция менен каршы абдан жакшы күрөш болуп жатат. Жакшы жыйынтыктар болуп жатат. Миллиард-миллиард сомдор өндүрүлүп жатат. Уурдалган, туура эмес жол менен алынган обьектер кайтарылып жатат. Ал каражттар каяка, кайсы эсепке түшөт? Мен таба алган жокмун. Муну өзгөчө көрсөтүш керек болчу".
Мындан сырткары Масалсиев өкмөттүн ишмердүүлүгүн жетишсиз деп баалап, министрлер кабинеттинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин кароону сунуштады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда өткөргөн брифингде 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat