БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Маселени акылы тайкы саясатчылар көтөрүп жатат". Президент чет өлкөлүк ырчылардын келиши боюнча комментарий берди

"Маселени акылы тайкы саясатчылар көтөрүп жатат". Президент чет өлкөлүк ырчылардын келиши боюнча комментарий берди

Сүрөт: "Кабар"/ Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган иш чарага чет өлкөдөн ырчылардын келиши боюнча комментарий берди. 

Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, концерт тартуулайбыз дегендерди кубануу менен тосуп алууга чакырган. 

"Мага Маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан деген өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми биздин көз карандысыздыгыбызды куттуктап, эли-журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы".

Мындан сырткары Жапаров аларга гонорар берилбей тугандыгын, жата турган жер жана тамак-аш менен камсыз болоорун айткан. Ошондой эле өлкө башчы мындай маселени "акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат" деген оюн билдирген. 

"Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей койот дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча- мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз".

Буга чейин Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп жаткан концертке келе турган ырчылардын тизмеси жарыяланган. Анда швециялык ырчы Bosson, италиялык ырчы жана композитор IN-GRID, Орусиянын ырчылары Филипп Киркоров, Стас Михайлов, Люся Чеботина, кыргызстандык ырчы Амирчик чакырылганы белгилүү болгон. 

Айрым интернет колдонуучулар орусиялык ырчылардын келишинин колдобой тургандарын социалдык тармактарга жазып чыгышкан. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей