БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип Акжолтой Тукунов кармалды

Массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип Акжолтой Тукунов кармалды

Чүй милициясы тараткан сүрөт

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мурдагы башчысынын орун басары Акжолтой Тукунов кармалды. Ал массалык баш аламандыкка чакырууга шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 19-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарга жана интернет-ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда активист Аламүдүн районунун тургуну Тукунов “Фейсбук” социалдык тармагында коомчулукту массалык баш аламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жаткандыгы аныкталган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, соцтармактагы билдирүүлөрдө массалык нааразылык акцияларына, башаламандыкка жана бийликти алмаштырууга үндөгөн белгилер бар.

Бул факт Аламүдүн РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренеси менен "Массалык баш аламандык жасоого аракет кылуу" кылмыш иши козголгон.

"Азаттык" басылмасынын маалыматына ылайык Тукуновго кылмыш-иши Фейсбуктагы баракчасына 2021-жылы жазган билдирүүсү боюнча козголгон.

Акжолтой Тукунов 2022-2023-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей