БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Автандил Жоробековдон далил катары кандай буюмдар алынды?

Автандил Жоробековдон далил катары кандай буюмдар алынды?

Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Ички иштер министрлиги 7-декабрь күнү социалдык тармак аркылуу массалык баш аламандык уюштурууга шектүү катары “B***KG” баракчасынын ээсин кармады. Министрлик кармалган жаран коомдук абалды туруксуздашытырууга аракет жасаган деп айып коюп жатат. 

“Ж.А. аттуу жарандын жашаган дарегинде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында далил катары бир нече уюлдук телефондор, фотоаппарат, "Dell", "MacBook", "Leonovo" жана башка үлгүдөгү ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, ар кандай  техникалык каражаттар жана банк карталары табылып алынган. Андан сырткары шектүү жаран А.Ж. жашаган даректен, анын жакын 2 адамы техникалык каражаттардын басымдуу бөлүгүн алып, автоунаа менен качуу аракетин жасоо маалында милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп, жогорудагы буюмдар алынган." 

ИИМ шектүү жарандарга таандык болгон техникалык каражаттардын баасы 3 миллион сомдон ашарын билдирген. Аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүп жатканы кабарланды.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей